Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Илон Маск

Илон Рив Маск (англ. Elon Reeve Musk) – Түштүк Африка Республикасында төрөлгөн канадалык-америкалык бизнес-магнат, инвестор, инженер жана ойлоп табуучу.

Маск SpaceX компаниянын негиздөөчүсү, башкы жана техникалык директору; Tesla Inc. компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири, башкы инвестору, башкы директору жана өнүмдөр архитектору; OpenAI компаниясынын кош-төрагасы; Neuralink компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Илон Маск SolarCity компаниянын кош-негиздөөчүсү жана төрагасы болгон; Zip2 компаниянын кош-негиздөөчүсү жана Confinity компания менен биргелешкен соң аталышы PayPal'га өзгөрүлгөн X.com'дун негиздөөчүсү болгон. 2016-ж. декабрында 2016-жылдын декабрында Маск “Форбс” журналынын “Дүйнөнүн эң таасирдүү инсандары” тизмегинде 21-орунда жайгашкан. 2018-жылдын февраль айынында, Масктын чамалуу накта пайдасы 20,1 миллиард АКШ долларга барабар болуп, дүйнөдөгү эң бай инсандардын тизмегинде 53-орунду ээлеген.

Масктын айтканы боюнча, SolarCityTesla жана SpaceX'тин максаттары анын дүйнөнү жана адамзатын өзгөртүү көрүүсүнө негизделет. Анын максаттарына глобалдык климаттын жылуулануусун туруктуу кубат өндүрүү жана керектөө аркылуу кыскартуу жана "адамзаттын жок болуп кетүү тобокелдигинен Марс планетасында кишилердин колониясын түзүп, көп планеталык жашоону жаратуу" аркылуу куткаруу  кирет.

Маск өзүнүн негизги бизнес максаттарына менен катар жогорку ылдамдыкта жүргөн Hyperloop транспорт каражат системин ойлоп тапкан жана "Масктын реактивдүү электр учагы" катары таанымал болгон үн ылдамдыгынан ашкан реактивдүү VTOL учагын сунуш кылган. Ошондой эле Маск 2017-жылы The Boring Company концептин сунуш кылган.